
Левая колонка
Фильтр
Поделилась заметкой
САБИРА
4 - БӨЛҮМ Кечээки болгон окуя менин Сакенимдин бир топ эсин оодарып таштады. Шордуу жанын коёрго жер таппай, ары-бери чуркап убара. Жыйырма жыл бирге жашаган аялын кантип көзү кыйсын, бул ага катуу тийди. Бирок менин Сакеним — мен кызыга да, кызгана да карай турган чыныгы эркектин өзү. Кудай жалгап, эжекебайым башын көтөрүп, жаны жай тапканы бар. Бирок бул анын толук айыгып кеткенин билдирбейт. Тээ Израилге барып жасаткан операциясы ийгиликтүү болду деп айтуу кыйын. Анткени ал өлкөнүн эң мыкты деген профессорлору муну алдын ала эскертишкен. Башкача айтканда, жасалган операциянын оң натыйжа берерин так кесип айта алышкан эмес. Негизи бул — ички мээ кабыкчасында пайда болуучу дарт.6 комментариев
1 раз поделились
44 класса
- Класс
Поделилась заметкой
САБИРА
3- БӨЛҮМ Ошол күнү ары ойлонуп, бери ойлонуп, башым маң болду. Башында өз батириме кетип калгым эле келген, бирок байбичесинин сөзүн кыйбадым. Ал эми тиги ак баштын бары-жогу мен үчүн бир тыйын. Мага кызык болуп жаткан — мына бул келин. Өзү "доктормун" дейт. Ал эми доктор болуу — менин да кыялым. Анан "окутам" дейт. Ал аз келгенсип, "ушул үйдө жашай бер" дейт. Атүгүл, "короодо турган менин унаам менен жумушуңа барып келип жүр" дейт. Бул кандай гана май куйрук, кандай гана жоомарттык деп таң калам. Мунун бир кызыгы — ушунун баары түш сыяктуу сезилгени менен, өңүмдө болуп жатканы. Эми баарын таразалап көрдүм. Эки анжы ой менен жатып уктап кетиптирмин. Ойгонсом, таң атууга аз калыпты11 комментариев
1 раз поделились
95 классов
- Класс
Поделилась заметкой
САБИРА
2- БӨЛҮМ Бир караганда бул ак баш улуу көрүнгөнү менен, кылыктары жаш баланын кылыгындай. Же бул ашкере ак көңүл неме, же абдан ишенчеек киши. Негизи мындай эркектерди жактырбаганым чын. Анткени өз атамдан көргөнүм, укканым бар. "Сенин атаң кандай эле?" деңизчи. Биздин үйдө атанын сөзү эч качан талкууга алынчу эмес. Бир ооз айттыбы — бүттү. Ал эми бизге көз кыйыгы менен бир караганынын өзү жетиштүү эле. Үнсүз гана башыбызды төмөн салып, өз бөлмөбүзгө карай тайып турчубуз. Ал эми бул киши таптакыр башкача. "Күтүп жатам, жолуңар болсун" деген байбичесинин чалганын качан... Ошондон бери эки светофордон өткөнбүз. Мына бул болсо ооз ачкан жок. Таптакыр үнсүз. Кудум эле дудукпу дейсиң.10 комментариев
1 раз поделились
119 классов
- Класс
Поделилась заметкой
- Класс
На этом пока всё
Войдите в ОК, чтобы посмотреть всю ленту
294
- Нуржамал БекиеваТюмень
- Бурул АкееваСамара
- Лочин ЭрановСанкт-Петербург
- гуля зарипбековнаСанкт-Петербург
14
- Autosport.com.ru1949 подписчиков
- Бир тыныгып алыңыз !34181 подписчик
- Глобус вдохновения4474 подписчика
- ICHIP.RU2316 подписчиков

