
(Же чырмалышкан тагдырлар)
10-БӨЛҮМ
Чолпондун эриндери кеберсип,кургап,суу ичкиси келип,шилекейин арандан зорго жутуп,какап кетти,какаганда кабырга тушу сыздап,сайышып,оорубаган жери калбады бейм.
-Иий,-деп оор ушкуруп кубуронду.
Тозокко тушкондо болуп корбогондой суусатып,кан,ирин жуттурам дейт экен Жараткан.Мына ошол азапта беймин деп дагы ойго берилип жатканда кимдир бироо эшикти калдыратып ачып,дагы бироону малды айдагандай мамиле менен белине бир тээп киргизип эшикти кайра жаап койду.Тиги байкуш куп этип босогодон ойдо суналып жатып калды.Кыймылсыз ун жок тигиге Чолпон эптеп суйролуп жетип:
-Ээй,кимсин,тируусунбу?
-Ымм-м..,-деп азаптуу онтоп.
-Аа,байкушум,сен да мендей шоордуу белемсин,-деп Чолпон озу калып,ага боору ооруп кетти.Же кун экени,же тун экени белгисиз,жанагы эшик кайра ачылып чон табакка бир нерсе койду да,жаап кетти.Анын баскан кадамынын дабышы араак барып угулбай калды.Жанырып жатат,демек сыртта узун коридор бар экен деп Чолпон маани берип.Тиги жаткан не деген убакта:
-Ким бар,суу,суу,-деп шыбырап.
-Озуно келдинби,жакшы элесинби?Жанына коюп койгом,озуно ынгайлаштырып иче бер.
-Рахмат,-деп акырын баш которуп,жаткан калыпта кырына оодарылып,чыканак менен жер таяна,бир колу менен суу алып ичти.
-Ох,кудайга шугур,-деп кайра жатып калды.Ал азыр кечээгисин эстебей,ооруксунган жаны менен алек болуп жатты.
Кадыр уйго ойлуу кирди.
-Чай ичесизби?,-деп уй кызматчысы шыпылдай.
-Жок,рахмат,мен бир аз эс алайын.Ангыча ашканадан корунгон Сагын:
-Ассалоому алейкум,Кадыр ага!?
-Валейкум ассалом,тынч отурасынарбы?,-деп мындай эле сурап койду.
-Ооба,жакшы,жакшы.Асема шаарга тушуп кеткен,жумуштарым бар деп.Мен Галина эжеге жардамдашып жаткам.
-Мейли,кел суйлошолучу.Кечээ мени менен келген айымды чын эле тааныбайсынбы?
-Жок,ушунчалык аракет кылдым,эч озумо жакындык таба албай койдум.Бирок,Асемага айткан элем,тушумо эки тестиер бала менен бир аял кирчу болду деп,ошол тушумдо коргон аялга абдан окшош экен.
-Мм,-деп Кадыр кайрадан ой тарта,алгач Айнурдун кайнатасынын жашоосу менен таанышайын,бул эч жакка кача койбос деп.
-Мени ал айымыныз Сагын деди.Мени кимдир бироого окшоштурду бейм.
-Жок,сен жанылышасын.Анын жашоосунда сенин ордун маанилуудой.Ал эч качан жанылышпайт.Сени бир коруп эле Сагын дебедиби.Демек,сенин атын Сагын болгон.Анын куйоосу эки уулу менен аны таштап,бироону ээрчип,уйдон чыгып кетиптир.Менимче андан сон сен анын жаралуу жашоосуна кирип,анын ишеничин актай албай,Айнурдун сезимдерин таптакыр жок кылган белемсин,мен ошончо жалындым,айттым,тушундурдум,бирок менин сунушума конбой келет.Ал аябай аруу,таза келин.
Сагын унсуз туруп калды.
Айнур эшиктен кирип эле кайната-кайненесине салам берди.Колун кокурок устуно коюп,жакасын кымтына:
-Жакшы отурдунуздарбы?Айжан ысык-ысык чай берип жатабы?
-Кел,балам.Колун боорунда,чондорго ызаат корсотконун жакшы,ушунундан жазба,айланайын.Айжан синдин жакшы тарбия алыптыр,ашын кор болсо башын зор дегендей уйундогу нерсенин баарын тогуп-чачып отурат.Кемпир экообуз алкышыбызды айтып оттук,-деп атасы суйуно.
-Мин мертебе шугур ушул жашоомо да,сиздер бар,мен эч качан кыйналбаймын,ата,-деп Айнур да толкундана.
-Айнур,кызым,мин мертебе,мин бир шугур дебегин.Анда мунун мааниси чектелип калат.Чексиз шугур,чексиз ыраазымын дегин,балдарынды да ушинтип тарбияла,-деп атасы туура оюн айтып отту.
-Ой,ата таптакыр маани бербептирмин,чын эле.Сиз аябай акылдуусуз.Эми созсуз ушинтип айтам,-деп Айнур сырткы кийимин чечип илди да,ашканага кирип кетти.
-Айжан,кел,атам менен энем чучбараны жакшы корушот,экоолоп кыла коелу,-деп кечки оокаттын камына кирди.
Кечки чайды ичишип,чон ата неберелери менен аркы болмого киришип,откондорду баяндап,аларга тарбиялуу нерселерди айтып жатты.Айнур энесин жуунучу болмого киргизип,жаш баладай жуунта баштады.
-Айнура,журогун тоо экен сенин.
-Эмнеге,эне,-деп Айнур суроолуу жылмая.
-Деги да,тиги Ырысгулду багып алганына тан берем да.Билинбей анын да чоноюп калыптыр.
Сагынын антип кетти.Уч баланы зынкыйып тарбиялап жатасын.
-Тагдырдын сыноосу экен,эне.Бешенеме ушул кундор жазылыптыр.Атам айткандай чексиз шугур ушунусуна да.Жамандарым чоноюшса мээнетимди кайтарышаар.Адепсизден адеп уйрон дегендей,аталарынын кылгандарын коруп калышты,турмушта андай болбошко аракет кылышаар деген ниеттемин.
-Оомин,ниет кыла бер,балам.Рахмат сага,байбиче бол.Чачыма эмне суйкодун,жумшак эле болуп калды да.Айылда ушул торт чачымдын да чатышын чыгара албай,май суйкоп анан тарайм,кайра эле жуушка туура келет.
-Бул чач жумшарткыч,эне.Кетээринизде алып берем.Чачынызды жууп бутуп,ушул жумшарткычты шыбайсыз да он муноттой коюп коес,анан тарап,чайкай берес.
-Жакшы эле болбодубу,ошондой кыл,-деп эне кудундап алды.Жуундуруп,тырмактарын алып,кулактарын тазалап,бетине кечки бет майдан суйкоп,кийиндирип,тымпыйтып отургузуп койду.
-Айнур,кел балам бата берип коеюн,биздин да бешенебизге сендей келинди насип кылган Жаратканыма чексиз шугур.Бизге кандай сый корсотсон,балдарындан кор,ылайым.Уй ичин келген мейманга кенен,берчу оокатын белен болсун.Гулдой омурун соолубасын,жамандык тоорубасын,зоболон бийик,намысын ыйык,кас санагандарын пас болсун,оомиин,-деп эки алаканын жая,жузун чая бата тартты.
-Эне чарчабадынызбы?Эс аласызбы?
-Олда,балам,ай!Эмне кылганыма чарчайын.Керелден кечке оозум тынбады,жаттым жерге жабышып.
-Аа,жакшы анда,экообуз кенен-кесир суйлошуп отуралы эне,такыр мага жаш кезинизди айтпадыныз.Бир эске салбайлыбы.Мага да сабак болчу окуяларыныз бардыр.
-Кайдан мынтип ойлоно калдын,тегеле сурачу эмес элен го?,-деп эне суроолуу да,жагымдуу да карап турду.Бул корунушу,Айнурга айтып берууну эне да каалап турган.
-Айнур,бул жалганда биз кам сут эмген пенделер бири-бирибизди кадырлай албай,сый корсотконго акылыбыз жеткен менен колубуз жетпей,конул ордун таба да,толтура да албай,же жакшылык тартуулабай,бири-бирибизди ушактап,жектеп,анан туготуп,оо дуйного кеткен сон,ал жакшы киши эле деп калп кубуромуш этип озубузду алдап келебиз.Айтайын дегеним,сен бизге келин болуп келгенден бир кабак чытыганынды,бизге болгон акаарат кептеринди,ит сыяктуу кыялдарынды,чорт мунозунду,эки ачалуу тилинди такыр коргон жокпуз,корсотподун да.Муну мындай коеюн,уулубуз сени тируулой эле тозокко салып кете бербедиби.Эси жогум.Ишенген таянган туягыбыз эле.Сен мендне жакшыбилесин,ал да сендей бала кыял,жоомарт,эмгекке бышкан,ишенчээк эле.Ошол ишенчээктигинен бироонун тилине кирип,бироо менен басып кетти да.Сенин чыдамкайлыгына,айколдугуно,журогундун тоодой чондугуна баа да берем,тан берем.Кудайым сени озу сактасын.Эми соз кезеги келип калып,сага болгон ыраазычылыгымды айтып коеюн.Бугун бармын,эртен жокмун.Мен сага эки дуйно ыраазымын Айнур.Эгер сенден башка бироо откон-кеткенди сураганда макул болбоор элем.Сенин ушуга да ылайык кызматын отподу дейсинби.Айтса айтайын,жакшылап угуп ал анда,бирин эстесем,бирин унутуп да калдым бейм.
АВТОР:ГУЛИРА МЕНДИБАЙ КЫЗЫ
Уландысы бар...
Урматтуу окурмандар чыгарма кызыктуу болсо комментарий жазып класс басып колдоп кетиңиздер...

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 19
Утуру карайм го качан чыгат деп