
Эйнштейн табышмагы;
Бир көчөдө 5 үй бар. Ар бир үй түрлүү бойокко бойолгон. Ар бир үй жашоочулары түрлүү улуттардан. Ар биринин өзүнүн улуттук суусундугун, сигаретти жана ар биринин үй жаныбары бар.
Табышмак; кимиси балык багат?
1. Британиялык кызыл түстүү үйдө жашайт.
2. Шведтин үйүндө ит бар
3. Датчандык чай ичет
4. Жашыл үй, ак үйдүн сол жагында жармашып турат.
5. Жашыл үйдүн ээси кофе ичет
6. Pall-Mall сигарет чеккендин үйүндө чымчык бар.
7. Сары үйдүн ээси Dunhills чегет
8. Ортодогу үйдүн ээси сүт ичет.
9. Норвегиялык биринчи үйдө жашайт.
10. Blends чеккен адам, мышык баккан адамдын жанында жашайт.
11. Ат баккан адам, Dunhills чеккен адамдын жанында жашайт.
12. Blue Master чеккен а
1 комментарий
6 классов
Үй-бүлө ынтымагы кантип курулат?
Кай бир заманда баш кошуп бирге түтүн булатып жашаган жубайлар болуптур. Алар үй-бүлө курганына көп болсо да араларында тез-тез жаңжал чыгып турчу экен.
Күйөөсү: “Бир сөздөн калсаң өлөсүңбү? Аялдай болуп баш ийсең боло”, десе, аялы: “Кечке чейин бир ооз жакшы сөз айтып көңүл көтөргөндөн убактыңды аяйсың”,-деп жооп кайтарат. Бул сыяктуу чыр-чатактарды көптөн бери угуп жүргөн коңшусу келип: Аркы өйүздөгү айылда даанышман аксакал бар. Ал силердин ортоңордогу маселени чечип берээрине ишенем дейт. Жубайлар ээрчишип, аксакалдын алдына барып арыз-муңун айтып беришет. Даанышман экөөнү эки башка бөлмөгө жайгаштырып: “Ушул кагазга бири-бириңердин кемчилигиңерди жазгы
0 комментариев
10 классов
АДАМ ЖАНА ЭШЕК ( Икая)
Кайсы бир убактарда, кайсы бир жерде бир адамдын эски кудугуна эшеги түшүп кетет. Анын жардамга чакырып тынбай үн салганын ээси угуп, кудукка жүгүрүп келет. Караса, ичи өтө эле терең, караңгы, эшеги көрүнбөйт, алып чыгыш мүмкүн эмес...
Айласыз алаканын жайган ээси минтип ойлонот :
" Менин эшегим карыды, көпкө деле жашабайт, өзүм да жашыраагын сатып алайын деп аттым эле. Бул кудук да кургап, эскирип бүттү, муну көөмп, жаңысын казайын деп жүрдүм эле. Эки иштен бир иш кылып, экөөнү тең бүтүрөйүн. Кудукту көмсөм, эшек да кошо көмүлүп кете берет эмеспи."
Анан көпкө ойлонбой, кошуна-колондорун чакырды да, баарылап күрөктөрү менен кудукту көмө башташты. Иш кайсы жака баратка
0 комментариев
13 классов
БОЛОЧОК АЯЛЫҢДЫ КАНТИП ТАНДАШ КЕРЕК (ДААНЫШМАН ИКАЯ)
Бир жолу эркектер чогулушуп чалдан сурашыптыр: -Айтсаңыз, сиз кемпириңиз менен жарым кылымдан ашык жашадыңыз, бир дагы урушуп-кыйкырышып жатканыңарды көргөн да, уккан да жокпуз. Кантип?
- Билесиңер да, жаштар кечинде чогулуп отурушканды жакшы көрүшөт, караңгы киргенде балдар кыздарды колунан кармап үйлөрүнө узатышат. Бир жолу узаттың – эч нерсе эмес, экинчи жолу – демек бир түрткү бар, үчүнчүсүн болочок күйөөсүмүн деп эсептей бер. Мына мен дагы ушундай бир кечтерде кызды узатып жөнөдүм. Сүйлөшүп баратсак эле, ал акырын менин колумду коё берип четке оолактады. Көрсө мен түз эле жолдогу чалчыкты кечкени баратыптырмын, бирок бурулба
0 комментариев
11 классов
АКТАЛБАГАН YМYТ ЖЕ КАЙРЫМСЫЗ УУЛ. (АНГЕМЕ)
Зарлык ата-эненин зарлап жүрүп көргөн уулу болчу. Маңдайы жарыла сүйүнгөн атасы атын Зарлык деп койгону да ошондон эле. Жашынан өтө шок чыкты. Ошого карабай жакшы да окучу. Зарлык мектепте окуп жүргөндө бир гана душманы Букен аттуу айылдаш кызы болчу. Экөө тең мектепте аттаандашып окушкандыктан, бирине-бири кыр көрсөтүп турушаар эле. Чачтарын сереңдете эки тарапка өргөн татынакай кызга башында кыжырланып жүрсө, бойго жеткен сайын кызыгуусу артып бара жатты. Негедир класста окуган кыздардын эң акылдуусу да, эң сулуусу да ушул кыз сыяктанып көрүнө берчү болду.
– Букен, Зарлыктын сенде көңүлү бар окшойт. Кийинки кездерде ар дайым сен кетчү жол менен к
0 комментариев
22 класса
ҮМҮТ
"Турмуштун кыйынчылыгына туруштук бере албай, апамдай болуп сынып, ичип кетпеймин... Балдарымды атамдай болуп ыйлатып, кор кылып башка үй - бүлөөгө алмаштырып таштап кетпеймин... Кошуна эжекелердей ачуулуу болуп, бетиңе күлүп, артыңдан сөз кылып ушак айтпаймын... Атамдын жаш сулуу аялындай болуп, бирөөнүн үй - бүлөөсүн бузуп, бирөөнүн жашоосуна, тагдырына бүлүк салбаймын... Апамдын жеңил ойлуу, күнүмдүк жашоо менен жашашкан курбуларындай адамдардан алыс боломун... Кээ бир ичи тар, өтө сынчыл, боюн көтөрүп, өзүнөн ылдый турган адамдарды киши катарында көрбөй шылдыңдап турган текебер классташтарымдай болбоймун... Мен дагы чоңоёмун... Иним экөөбүзгө атам менен апам берген жашоону кайта
0 комментариев
19 классов
ЖАШАГЫМ КЕЛЕТ
4 - БӨЛҮМ
--Мага туура келет ошол, маакулмун.
--Туура келсе жакшы экен, бүгүн эки-үч анализ тапшырасыз, анан баары жакшы болсо ишке киришебиз. Кабар бергенибизде элүү миң сом алып, ушул жерге келесиз.
--Элүү миң сом? Эмнеге мынча кымбат?
--Сиз эмнени кааладыңыз эле?
--Макул мен табам.
Ээх эмне болуп баратабыз. Эне али жарык дүйнөнү көрө элек өз баласын бирөөнүн колу менен өлтүрсө. Бул күнөөсүз ымыркайдын жашоосун адилетсиз тартып алса, өз кызыкчылыгы үчүн баарын курман кылса ушул дагы адамбы? Ушул адамбы? Бул адам бала төрөп, тарбия бермек түгүл, жер энебизди басып жүрүүгө акысы жок. Өз баласын өлтүргөн аялдарга кудайдын каргышы болсун, жокчулука, намыска шылтоолоп кылган
1 комментарий
9 классов
ЖАШАГЫМ КЕЛЕТ
3 - БӨЛҮМ
Кызымды эптеп сооротуп жатсам, бышылдаган дагы үн чыгып калды.Мыкы мектепке барбаптыр. Бизди көрүп үйдүн бурчунда өзүнчө ыйлап туруптур. Мыкыны көрүп мен дагы өзүмдү кармана албай калдым. Ыйлап жибердим. Мыкы бизге жетип, экөөбүздү кучакта чогу ыйлап жаттык.
--Апа, болду ыйлабаңызчы. Мен дагы чыдабай баратам. Салим менен атамдын кайгысынан да сиздин кыйналганыңыз көбүрөөк жүрөгүмдү эзип жатат. Мен бармын апа. Мен бармын. Силерди эчкачан өксүтүтүп койбойм. Карындашыма ата, ага дагы болом. Болгону сиз мага күч берип туруңузчу. Сиз сынбаңызчы апа. Апаке сиз менин эң кымбат адамымсыз. Ар бир көздөн аккан тамчыңыз мени бууп жатат. Көкүрөгүм кандай күйүп жатканын билесиз
1 комментарий
8 классов
ЖАШАГЫМ КЕЛЕТ
2 - БӨЛҮМ
Түшүмдө дагы ызы-чуу болуп жатат. Же бул түш эмес окшойт. Көзүм жумулуп турганы менен жүрөгүм, мээм баарын угуп эле тургандай. Бүт эмне болуп жатканын сезип жаттым. Болгону көзүмдү ачууга алым келбей койду. Бир маалда кайненем ушунчалык чаңырды, мен дароо туруп кеттим. Мени ордумдан тургузбай басып калышты.
--Эмне болуп жатат? Кармабагылачы мени, жибергилечи.
--Дарика өзүңдү карма, сабыр кыл. Балдардын жүрөгүн түшүрөсүң, басыл болду.
--Баламды көрүп алайынчы, балама барайынчы айланайындар.
--Жибер, тим койгула.
Туруп алып боз үйдү көздөй жөнөдүм. Боз үйдүн сыртындагы сүрөткө көзүм түштү. Эмнегедир Салим менен Тураттын сүрөтү чогу турат.
--Эмнеге Туратты кошуп ил
2 комментария
10 классов
Фильтр
загрузка
Показать ещёНапишите, что Вы ищете, и мы постараемся это найти!
Левая колонка
О группе
Кызыктуу чыгарма,аңгемелерди окуу жана жан дүйнөнү байытуу, пайдалуу кеңештер! теңин табуу
https://www.instagram.com/bakyt_uiu?igsh=MTVvenQ2NjRzdDY3Zg==
Показать еще
Скрыть информацию

