
🤗 1. Чай чамасын гүлдүн идишине салып койсо, андагы топурактын нымдуулугу көпкө сакталат. Ошондой эле ал семирткич катары өбөлгө түзөт.
🤗 2. Чайдын чамасын кургатып коюп, мешке от жагуу үчүн ичеги катары колдонсо да болот.
🤗 3. Кургатылган чаманы көмүргө аралаштырып жакса, анын табы көпкө сакталат.
🤗 4. Ар кандай айнек идиштер, күзгүлөр, терезелер кирдеп калган учурда чайдын чамасы чыланган суу менен сүртсө тез тазарып, туптунук болуп калат.
🤗 5. Кургатылган чайдын чамасын дааратканаларга төгүп, от коюп жиберсе, ар кандай жаман жыттар тез кетет.
🤗 6. Жыттанып калган идиш-аяктарды азыраак чайдын чамасы салынган сууда он мүнөт кайнатса, жыты кетет.
🤗 7. Кургатылган чайдын чамасын жаздыкка салып койсо, жаздыктар жыттанбайт жана жагымдуу жыт да пайда болот.
🤗 8. Үй ичинде кургатылган чайдын чамасын түтөтүп койсо, үйгө чиркей, чымын жолобойт. Түрдүү майда микробдор өлүп жок болот.
🤗 9. Сарымсак, пияз жегенден кийин ооз жыттанып калса, кургак чайды чайнаган пайдалуу.
🤗 10. Чайдын чамасы менен кирдеген идиш аяктарды, казанды, жыгач отургучтарды жууса, өңүнө чыгара жылтыратат.
Пайдасы тийсе кубанычтамын.
Жашооңузда жакшылыктардын болушун каалап.
#БакытҮйү тайпасы

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3